Украинада каза болгон журналисттер
Украинанын маданият жана маалымат саясаты министри Александр Ткаченко бүгүн өлкөсүндө белгиленип жаткан Журналисттер күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.
Орусия баштаган согушта 32 украиналык журналисттин каза болгону кабарланды.
Украинанын маданият жана маалымат саясаты министри Александр Ткаченко бүгүн өлкөсүндө белгиленип жаткан Журналисттер күнүнө карата кайрылуусун жарыялады.
Быйыл өлкөдө Журналисттер күнүнүн жаман өтүп жатканын айткан Ткаченко, Орусия баштаган согуштун төртүнчү айында 32 украиналык журналисттин каза болгонун баса белгиледи.
Ткаченко ошондой эле акыркы 8 жылда согушта каза болгон украиналык журналисттердин санынын дагы да көп экенин баяндап, Украинадагы журналисттердин бүгүнкү ролунун маанисине көңүл бурду.
Журналисттердин жоопкерчилиги, берилгендиги, туруктуулугу жана кайраттуулугу да абдан баалуу экенин белгилеген Ткаченко: «Биздин маалымат фронтубуз сиздерден улам абдан күчтүү»,-деди.