Кувейтте жер титирөө болду
Кувейттин Өрт өчүрүү кызматы жер титирөөдө эч кандай кыйроонун болбогонун билдирди.
1837646
Кувейттин түштүгүндөгү Аль-Ахмеди провинциясында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Кувейттин расмий агенттиги KUNAнын кабарына караганда, Кувейт улуттук сейсмология тармагынын директору Абдуллах ал-Анзи жер титирөөнүн 5 километр тереңдикте болгонун айтты. Анзи жер титирөөнүн өлкө боюнча көп сандаган кишинин сезгенин белгиледи.
Кувейттин Өрт өчүрүү кызматы жер титирөөдө эч кандай кыйроонун болбогонун билдирди.