Зеленский соцтармактан маалымат бөлүштү
Украина лидери : "Бүгүнкү күндө жерибиздин 20 пайызы баскынчылардын көзөмөлүндө. Бул болжол менен 125 миң чарчы километрге туура келет",- деди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын 24 - февралда өлкөсүнө карата жасаган кол салуусу менен башталган согушта жеңишке жетишерин белгиледи. Зеленский Украина - Россия согушунун 100 - күнүндө өзүнүн жакын командасын артына алып, соцтармактан баа берди.
"Украинанын "Эл кызматчысы" партиясынын лидери Давид Арахамиа бул жерде, президенттик кеңсесинин катчысы Андрей Ермак бул жерде, президенттик аппараттын кеңешчиси Михаил Подоляк бул жерде, президент бул жерде",- деген Зеленский : "Командабыз чоң. Украинанын Куралдуу күчтөрү бул жерде. Эң негизгиси биздин эл, биздин өлкөнүн эли бул жерде. Биз Украинаны 100 күндөн бери коргоп келе жатабыз. Жеңиш биздики",- деди.
Зеленский видеоконференция аркылуу Люксембург парламентинде сүйлөп, орус армиясынын согуш башталгандан бери Украинадагы 3620 конушка киргенин, алардын 1017си украин күчтөрү тарабынан куткарылганын айтты.
Украина лидери : "Бүгүнкү күндө жерибиздин 20 пайызы баскынчылардын көзөмөлүндө. Бул болжол менен 125 миң чарчы километрге туура келет",- деди.