Колумбияда шахтада жарылуу болду

Колумбияда коопсуздук чараларынын жоктугунан жана кендерди мыйзамсыз чалгындоодо көзөмөлдүн жоктугунан улам көп сандаган кырсыктар болууда.

1836378
Колумбияда шахтада жарылуу болду

Колумбияда бир шахтада болгон жарылууда бир киши каза болуп, 14 киши шахтада калды.

Колумбия басма сөзүндө чыккан кабарга караганда Сантандер башкаруу аймагына караштуу Ел Зулиа кыштагында мыйзамсыз иштетилген бир шахтада жарылуу болду.

Улуттук шахтачылык агенттиги ANMден берилген маалыматта чукул абал топторунун шахтерлорду издөө - куткаруу иштерин дароо баштагандыгын бирок 1 кишинин каза болгондугу белгиленди. 

ANM жоголгон  14 жумушчуга жетүү үчүн көптөгөн күндөрдүн керектигин белгиледи.

Колумбияда коопсуздук чараларынын жоктугунан жана кендерди мыйзамсыз чалгындоодо көзөмөлдүн жоктугунан улам көп сандаган кырсыктар болууда. 

2010 - жылы көмүр шахтасында болгон жарылууда 73 адамдын каза болушу  "өлкө тарыхындагы эң каргашалуу кырсык" катары катталган.

 

 



Тектеш кабарлар