Европа Биримдиги Сирияга карата санкцияларды узартты

Европа Биримдиги Кеңешинен берилген маалыматка караганда Сирияда жарандарга карата кысымдан улам санкциялар 2023 -  жылдын  1 -  июнуна чейин узартылды.

1835889
Европа Биримдиги Сирияга карата санкцияларды узартты

Европа Биримдиги Сирия режимине карата санкцияларды 1 жылга узартууга чечим чыгарды. 

Европа Биримдиги Кеңешинен берилген маалыматка караганда Сирияда жарандарга карата кысымдан улам санкциялар 2023 -  жылдын  1 -  июнуна чейин узартылды. 

Санкция тизмесинен 3 кишинин чыгарылгандыгы, тизмеде 289 киши жана 70 мекеменин калгандыгы белгиленди. Санкциялардын негизинде мал  - мүлктөрүнүн тоңдурулушу жана саякатка чыгууга тыюу салуу да бар. 

Сирияда 2011 -  жылы жарандык согуштун башталышынан киийн режимдин элге зомбулук жана кысым жасашынан улам башталган санкциялар менен режимге жакын ишкерлер менен фирмалар да бутага алынды.

Мындан тышкары мунай импорту, айрым инвестицияларды чектөө, Сириянын Борбордук банкынын Европа Биримдиги активдерин тоңдуруу, өлкө ичинде кысымда колдонула турган жабдык жана технологиялардын экспортун чектөө жана байланышты көзөмөлдөө да чаралардын алкагында.

Санкциялар Сирияга гуманитардык жардам жөнөтүүгө тоскоол болбойт. 

 



Тектеш кабарлар