Россиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Игорь Конашенков Мариуполдогу "Азовсталь" металлургиялык заводунун бункерлерине коюлган муздаткычтын ичинде 152 украин аскеринин сөөгү табылганын билдирди.

1835579
Россиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус аскерлеринин Мариуполдогу "Азовсталь" металлургиялык заводунун бункерлерине коюлган муздаткычтын ичинде 152 украин аскеринин сөөгү табылганын билдирди.

Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Конашенков орус аскерлеринин "Азовсталь" металлургиялык заводунун аймагында украин аскерлери менен Азов батальонунун мүчөлөрү жашынган жер астындагы бункерден изотермикалык унаа тапкандыгын айтып : "Бузулган бир муздатуучу системасына таандык бул жабык унаанын ичинде Украина армиясынын 152 аскеринин сөөгү сакталган",- деди. 

Орус аскерлери сөз болуп жаткан муздаткыч унааны текшерүү учурунда украин аскерлеринин сөөгүнүн астынан 4 мина табылганын белгилеген Конашенков бул миналардын унаадагы сөөктөрдүн бардык калдыктарын жок кылууга жете турган деңгээлде экенине көңүлдөрдү бурду.

Азов батальонунун туткундарынын сурактарынын натыйжасында миналардын Киев башкаруусунун буйругу менен коюлганы аныкталганын айткан Конашенков, Россияны сөөктөрдү үй  -  бүлөлөрүнө тапшыруусуна тоскоол болду деп айыптоо максатында провокация даярдалганын жактады. 

Орус катчы : "Орус тарап жакын арада "Азовсталь" заводунун аймагынан табылган украиналык аскерлердин  сөөгүн украин өкүлдөрүнө берүүнү пландап жатат",- деди.

Акыркы бир күндөгү абадан кол салууларынын натыйжасында  290го жакын украиналык күчтү  жана 23 аскердик унааны таасирсиз абалга алып келгендерин белгилеген оурс катчы : "24 -  февралдан тарта Украинага таандык 184 учак, 128 тик учак, 1010 учкучсуз учуучу аппарат, 325 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 3 миң 342 танк жана бронетехника, 454 көп стволдуу ракета аткычтар, 1738 гаубица жана минометтор, 3 миң 311 атайын аскердик унаа жок кылынды",- деди. 
 

 


 

 



Тектеш кабарлар