Европа Биримдиги бир террордук уюм менен эки кишини дагы санкция тизмесине алды

Европа Биримдигинин санкциялары саякатка тыюу салуу жана мал  - мүлктөрүнүн тоңдурулушун камтууда.

1835114
Европа Биримдиги бир террордук уюм менен эки кишини дагы санкция тизмесине алды

Европа Биримдиги  террордук уюмдар ДЕАШ жана Аль Каидага карата санкциялардын негизинде бир террордук уюм менен эки кишини дагы санкция тизмесине алды. 

Европа Биримдиги Кеңешинен берилген маалыматта Сирияда Аль Каида менен байланышы бар Хусреддин уюму менен бул уюмдун лидерлеринен Фарук Ел Сури жана Сами Ел Аридинин санкция тизмесине алынгандыгы билдирилди.

Хусреддин уюмунун тышкы террордук операцияларды уюштургандыгы, Сириядагы лагерлерде мүчөлөрүнө террордук машыгууларды өткөргөндүгү белгиленген маалыматта көп сандаган Европа өлкөсүнүн жаранынын уюмга кошулгандыгы белгиленди. 

Маалыматта Хусреддин уюму жана лидеринин Европа Биримдиги менен эл аралык жана аймактык туруктуулукка коркунуч туударгандыгы баса белгиленди. Акыркы чечим менен Европа Биримдигинин ДЕАШ жана Аль Каидага карата санкция тизмесиндеги киши саны 10го, уюм саны 3кө жетти. 

Европа Биримдигинин санкциялары саякатка тыюу салуу жана мал  - мүлктөрүнүн тоңдурулушун камтууда. Өзгөчө Европа Биримдиги жарандары менен фирмалардын тизмедеги киши жана уюмдарга фонд жана экономикалык булактын берилишине тыюу салынды. 

 

 



Тектеш кабарлар