Украинадагы Орусиянын жоготуулары, балдардын өлүмдөрү...

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү жарыясында орус армиясынын 24-февралдан 29-майга чейинки жоготуулары тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

1834263
Украинадагы Орусиянын жоготуулары, балдардын өлүмдөрү...
UKRAYNA.jpg
UKRAYNA RUS SAVAŞI.jpg

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын ушул убакка чейин 30 миң 150 аскерин жана 1338 танкын жоготконун жарыялады.

Башкы штабдын жазуу түрүндөгү жарыясында орус армиясынын 24-февралдан 29-майга чейинки жоготуулары тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Билдирүүдө орус армиясынын акыркы 24 саатта каза болгон 150 аскери менен бирге 30 миң 150 аскерин жоготкондугу, ошондой эле Орусияга таандык 207 учак, 174 тик учак, 1338 танк, 3270 бронетранспортер, 631 замбирек, 203 ракета аткыч жана 93 абадан коргонуу системасынын жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнө таандык 2240 унаа, 13 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 504 учкучсуз учуучу аппараттын жок кылынганы, орустар тарабынан учурулган 116 канаттуу ракетанын Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан аткыланганы белгиленди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу билдирилген.

Украинанын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө Орусиянын 24-февралда согуш баштаган Украинада орус армиясынын кол салууларынан 242 баланын каза болгону, 440 баланын жараланганы ортого салынды.



Тектеш кабарлар