Лавров : "Түркия Сирияда болгондор үчүн үнсүз кала албайт"

Лавров Russia Todayдын арап тилиндеги сайтында орун алган маегинде Сириядагы орус күчтөрү тууралуу билдирди.

1834008
Лавров : "Түркия Сирияда болгондор үчүн үнсүз кала албайт"

 Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын Сирияда болгондорго үнсүз кала албай тургандыгын белгиледи. Лавров Russia Todayдын арап тилиндеги сайтында орун алган маегинде Сириядагы орус күчтөрү тууралуу : “Биз Сирияда өлкөнүн расмий мамлекеттик башчысынын жана мыйзамдуу өкмөтүнүн талабы менен ал жердебиз. Ал жерде БУУнун келишимдерине ылайык түрдө болуп жатабыз жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 – чечимин ишке ашыруудабыз»,- деди.

Сирияда түрдүү өлкөлөрдүн күчтөрүнүн бар экендигин белгилеген Лавров : «АКШнын аскерлери Евфрат дарыясынын чыгыш жагынын чоң бөлүмүн басып алган. Ал жерде мамлекет курууга аракет кылып жатышат, бөлүнүүнү колдоп жатышат жана айматагы ирактык күрттөрдүн бир бөлүгүнүн сезимдерин колдонушууда. Ушундайча ирактык жана сириялык күрттөрдү бириктирүүдө маселелерди чыгарышууда»,- деди.

Бул абалдын аймакта чыңалууларга себеп болгондгун айткан Лавров : «Түркия албетте буларга үнсүз кала албайт. Бул маселелердин Сириянын көз карандысыздык жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүнүн алкагында чечилишин каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар