Россия хорват дипломаттарды депортациялоо чечимин чыгарды

Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

1833675
Россия хорват дипломаттарды депортациялоо чечимин чыгарды

Россия 5 хорват дипломатты депортациялагандыгын жарыялады. 

Россиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Хорватиянын Москва элчиси Томислав Кардын министрликке чакырылып, Хорватиянын Киевге аскердик жардам бериши жана хорват жетекчилеринин Украинада согуштук кылмыштары менен  Россияны айыптоо аракеттерине нааразычылыктын билдирилгендиги белгиленди. 

Маалыматта : "Загребдин мындан мурда орус дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрүнүн санын азайтуу үчүн таштаган, достукка жатпаган кадамдарына жооп иретинде элчи Карга Хорватиянын Москва элчилигинде 5 кызматкердин "кааланбаган киши"  деп жарыялангандыгына байланыштуу нота берилди",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар