Зеленский: «Украинанын 1016 калктуу конушу оккупациядан бошотулду»

Владимир Зеленский Telegram эсебинен бөлүшкөн видео кайрылууда Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуштан артта калган 3 айга баа берилди.

1832289
Зеленский: «Украинанын 1016 калктуу конушу оккупациядан бошотулду»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинага басып кириши Крымдан башталганын жана акырында орус армиясы бул аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болорун айтты.

Владимир Зеленский Telegram эсебинен бөлүшкөн видео кайрылууда Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуштан артта калган 3 айга баа берилди.

Согуштун 90-күнүндө Украина армиясынын Орусияга каршы өз өлкөсүн коргоону улантканын, 3 айлык мезгилдин абдан оор болгонун белгилеген Зеленский: «Булар орус баскынчыларынын үч айдагы согуш кылмыштары. Үч айга созулган чабуулдар, кыйроолор, блокадалар»,-деп көрсөттү.

Согуштан кийин 90 күн ичинде 15 227 украиналык жоокер, полиция жана башка расмий адамдар мамлекеттик баатыр наамына татыктуу деп табылганын маалымат менен бөлүшкөн Зеленский, басып алынган жерлерди бошотуу үчүн күрөшүн улантып жатканын айтып: «Украинанын 1016 калктуу пункту оккупациядан бошотулду»,-деди.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун Украинадагы «атайын аскердик операцияны» жайлатууга аракет кылып жатабыз деген билдирүүсүнө реакция кылган Зеленский: «Орусия 3 айлык мөөнөттө ийгиликке жетпегенин, эми алар жагууга аракет кылып, шылтоо издеп жатышат»,- деп айтты.

Зеленский: «Орусиянын 30 миңдей жоокери каза болду. 200дөн ашык учак атып түшүрүлдү. Миңдеген орусиялык танктар, бронетранспортерлер жана башка техникалар жок кылынды. Орусиянын ракеталык ок-дарылары дээрлик түгөнүп калды. Анан алар бүт күчү менен согушпайбыз деген жалган менен жаап-жашыргылары келүүдөбү? Бул кайгылуу, убакыт келет жана муну өздөрү моюнга алышат»,-деди.

Зеленский Орусия Донбасста да ийгиликке жетпесин жакшы билгенин, бирок ага карабастан ал жерди толугу менен басып алуу үчүн бүт күчүн мобилизациялаганын айтты.

«Азыр Донбасста абал өтө оор. Орусиянын калган дээрлик бардык аскерий күчү ал жакка өткөрүлүп берилди»,- деди ал.

Владимир Зеленский ошондой эле Украинага керектүү каржылык колдоо көрсөтүү жана Орусияга каршы кеңири санкцияларды киргизүү үчүн дүйнөлүк лидерлер менен жолугушууну улантып жатканын билдирди.

Орусиянын Украинага басып кирүүсүн Крымдан баштаганын белгилеген Зеленский: «Орусиянын баскынчылыгы так Крымдан башталды. Бул орус мамлекетинин Украинага байланыштуу каталар тизмесинин биринчи пункту эмес, бирок Орусиянын өзү үчүн катаал биринчи катасы болду. Мына ушундан кийин эле Орусиянын экинчи жана дагы азыраак болбогон өлүмчүл каталары пайда боло баштады. Мунун баары аны алсыратат. Жана албетте баскынчылар Крымды таштап кетүүгө аргасыз болушат».

Орустар убактылуу басып алган Мариуполь, Херсон жана башка шаарлардан чегинүүгө аргасыз болоорун белгилеген Зеленский : «Алар ал жерлердин сөзсүз ээси болбойт»,-деп бүтүрдү.

 



Тектеш кабарлар