Украина, кол салууларда жарандардын өлүмү, Орусиянын жоготуулары...

Украинанын башкы прокурору Ирина  Венедиктова Орусиянын чабуулдарынан 4600дөй жаран, анын ичинде 232 бала каза болгонун билдирди.

1831060
Украина, кол салууларда жарандардын өлүмү, Орусиянын жоготуулары...
rusya-ukrayna.jpg
rusya ukrayna saldiri.jpg
Harikv Ukrayna.jpg

Орусия 24-февралда согуш жарыялаган Украинада кеминде 4600 жайкын тургун каза болду.

Украинанын башкы прокурору Ирина  Венедиктова Орусиянын чабуулдарынан 4600дөй жаран, анын ичинде 232 бала каза болгонун билдирди.

 Венедиктова бул сандарга Орусиянын убактылуу көзөмөлүндөгү аймактардын маалыматтары кирбей турганын, бирок спутниктен алынган сүрөттөрдөн жана башка булактардан байкалгандай, ал жерде абал «катастрофалык», көптөгөн шаарлар жана шаарчалар жер менен жексен болгонун айтты.

Орусиянын согуш кылмыштары боюнча козголгон иштердин саны 13 миңге жакындап калганын белгилеген башкы прокурор  Венедиктова, муну жергиликтүү жана эл аралык иликтөөлөр, журналисттик иликтөөлөр жана укук коргоо уюмдарынын отчеттору тастыктаганын айтты.

Украинанын Башкы штабынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 24-февраль менен 23-май аралыгында орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат орун алды.

Билдирүүдө орус армиясынын акыркы суткада 150 аскери, 8 танкы жана 25 бронетранспортун жоготкону, согуш башталгандан бери орус күчтөрүнүн 29200 аскеринен ажыраганы, орустарга таандык 204 учак, 170 тик учак, 1293 танк, 3166 брондолгон унаа, 604 замбирек, 201 ракета аткыч жана 93 абадан коргонуу системасы жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө орус армиясынын 2206 унаасы, 13 кеме жана ылдам жүрүүчү кайык, 476 учкучсуз учуучу аппаратынан ажыраганы белгиленип, орустар тарабынан учурулган 110 канаттуу ракетанын Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.



Тектеш кабарлар