Хаависто: «Финляндия Түркияны ишендире алат»

Хаависто өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк арызы тууралуу Yle телеканалына баа берди.

1830411
Хаависто: «Финляндия Түркияны ишендире алат»

Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто Түркияны жикчил террордук уюм ПККнын Финляндиядагы байланыштарынын дагы да кылдаттык менен көзөмөлдөнөөрүнө ишендире ала тургандарын айтты.

Хаависто өлкөсүнүн НАТОго мүчөлүк арызы тууралуу Yle телеканалына баа берди.

Финляндия жана Түркиянын, өлкөлөрүнүн НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу маселелерди чечүүсүн күткөндөрүн белгилеген Хаависто мунун бир нече аптага созулушу мүмкүн экенин белгиледи.

Министр Хаависто президент Режеп Таййип Эрдоган менен Финляндиянын президенти Саули Ниинистёнун кечээки телефон сүйлөшүүсүндө Финляндиянын террор менен күрөшүүдөгү иш-аракетин сүйлөшкөнүн белгиледи.

Өлкөсүнүн Түркияны террордук уюм ПККнын байланыштарынын дагы да кылдаттык менен көзөмөлгө алынаарына ишендире аларын белгилеген Хаависто: «Түркияга  кескин кепилдиктерди бере алабыз. ПКК Европада террордук уюм катары кабыл алынгандыктан, Финляндияда да террордук аракеттерге жол бербөө үчүн өзүбүздүн салымыбызды кошуубуз маанилүү»,- деди.



Тектеш кабарлар