Украинадагы кол салууларда балдардын өлүмү

Бул тууралуу Украианын башкы прокурорлугу маалымат берди.

1829177
Украинадагы кол салууларда балдардын өлүмү

Украинада орус армиясынын кол салууларында 231 бала каза болуп, 427 бала жаракат алды.

Украинанын башкы прокурорлугунан берилген маалыматта орус армиясынын бомбалоолорунда  1828 мектептин зыян тарткандыгы, булардан 171нин толугу менен кыйрагандыгы белгиленди.

Маалыматта Россия кол салууларын баштаган 24 -  февралдан ушул күнгө чейин 231 баланын каза болгондугу 427 балананын жаракат алгандыгы белгиленди.

Бир тараптан Украинанын Башкы штабы Россиянын 24-февраль менен 19-май аралыгындагы жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 200 аскерин жоготконун жарыялады.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 28 миң 500 аскерин жоготкондугу, Россияга таандык 203 учак, 167 тик учак, 1254 танк, 3063 бронетехника, 595 артиллерия, 199 ракета аткыч жана 93 абадан коргонуу системасы жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө орус күчтөрүнүн 2 миң 157 унаа, 13 кеме, жеңил ылдамдыктагы кайык жана 455 учкучсуз учуучу аппаратынан ажыраганы, орустар тарабынан учурулган 103 канаттуу ракетанын да Украина абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан  жок кылынгандыгы билдирилди. 

Россиянын  Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу маалымдалган. 



Тектеш кабарлар