Саакашвили ооруканага жаткырылды

Абакта саламаттыгы начарлагандыгы айтылган мурдагы президент Михаил Саакашвили борбор шаар Тбилисидеги бир ооруканага жаткырылды.

1826042
Саакашвили ооруканага жаткырылды

Грузияда 1 -  октябрда камакка алынган жана кармалган абакта саламаттыгы начарлагандыгы айтылган мурдагы президент Михаил Саакашвили борбор шаар Тбилисидеги бир ооруканага жаткырылды.

Грузия атайын абак кызматынын администрация жетекчилери Саакавилини Рустав  шаарындагы абактан Тбилисидеги «Вивамеди» клиникасына алып барды. Саакашвилинин жакындары Саакашвилинин саламаттыгынын абакта начарлагандыгын айып, дарылоо үчүн өлкө тышына алып барылышын талап кылышууда.

Саакашвилинин тарапкерлери да бул талаптарын митинг өткөрүү менен билдиришти.

Грузиянын юстиция министри Рати Брегадзе Михаил Саакашвилинин атайылап кээ бир тамактарды жебегенин жана дарыгерлер берген дарыларды колдонбогондугун айтты.

8 жылдан кийин 1-октябрда өлкөсүнө кайтып келген Саакашвили сырттан абакка кесилгендиктен камакка алынып, Рустави шаарындагы түрмөгө алып барылган. 2007-жылы Грузия прокуратурасы оппозициянын митингин таркаткан, Имеди телеканалынын негиздөөчүсү Бадри Патаркачишвилинин мүлкүн конфискациялаган, коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана депутатты сабаган деген айыптоолор менен Саакашвилини камакка алуу чечимин чыгарган.

Тбилиси шаардык соту Михаил Саакашвилиге адам өлтүрүү кылмышында  ырайым кылуу укугун кыянаттык менен пайдаланган жана депутат Валери Гелашвилини сабаган деген айып менен сырттан 6 жылга эркинен ажыраткан.



Тектеш кабарлар