Финляндиянын аракетине Орусиянын реакциясы

Финляндия НАТОго мүчөлүк үчүн кайрылат.

1825884
Финляндиянын аракетине Орусиянын реакциясы

Финляндиянын Орусия-Украина согушу учурунда НАТОго мүчөлүк үчүн арыз берери кабарланды.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен премьер-министр Санна Мариндин биргелешкен билдирүүсүндө, өлкөнүн НАТОго мүчө болуусу үчүн кечиктпестен кайрылуусу керектиги, чечимдин кабыл алынышы үчүн алдыбыздагы күндөрдө кадамдардын ылдамдатыла турганы белгиленди.

Билдирүүдө 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушу учурунда альянстын өсүшүнө жол ачылып, НАТОго мүчөлүккө кайрыла турганы айтылды.

Биргелешкен билдирүүдө бул мүчөлүктүн Финляндиянын коопсуздугун жана бардык коргонуу союздаштыгын чыңдай тургандыгы маалымдалды.

Швециянын да НАТОго кирүү чечимин жакынкы күндөрү жарыялашы күтүлүүдө.

Орусия буга чейин Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болушу бул өлкөлөрдүн жана Европанын коопсуздугу үчүн кесепеттерди алып келерин эскерткен.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова 15-апрелдеги билдирүүсүндө: «Бул өлкөлөр мындай кадамдын эки тараптуу мамилелерибизге жана жалпы Европа коопсуздук структурасына тийгизген кесепеттерин түшүнүшү керек»,- деген эле. 



Тектеш кабарлар