Жаңы Зеландия чек араларын туристтерге толугу менен ачты

Жаңы Зеландия өткөн айда Австралиянын жарандарына жана Европанын 50дөн ашык өлкөсүнө, анын ичинде АКШ  жана  Британия үчүн чек арасын ачты.

1825337
Жаңы Зеландия чек араларын туристтерге толугу менен ачты

Бүткүл дүйнөнү таасири астына алган Ковид  - 19  эпидемиясына карата көрүлгөн катуу чаралары менен белгилүү болгон Жаңы Зеландиянын июль айынын акырынан тарта каалгаларын бардык өлкөлөргө ачары билдирилди.

Жаңы Зеландия өкмөтү 31 -  июлдан тарта Кытай жана Индия сыяктуу башка өлкөлөрдөн  өлкөгө кире тургандарга да каалгаларын ачуу чечимин чыгарды.

Бул күндөн баштап, саякатка чейинки милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек болгон Ковид -19 тесттик тиркеменин да жоюлгандыгы айтылды.

Премьер-министр Жакинда Ардерн чек ара чараларынын жоюлушу да өлкөгө квалификациялуу эмгек мигранттарынын агымын көбөйтөрүн айтты.

Жаңы Зеландия өткөн айда Австралиянын жарандарына жана Европанын 50дөн ашык өлкөсүнө, анын ичинде АКШ  жана  Британия үчүн чек арасын ачты.

Туризм Жаңы Зеландиянын маанилүү киреше булактарынын бири, эпидемиядан мурун жыл сайын өлкөгө болжол менен 3 миллион турист барып турган.



Тектеш кабарлар