Украинанын чыгышында Орусиянын кыймылдары

АКШнын чалгындоо коомчулугунун башчысы Аврил Хейнс, 24-февралдан бери уланып жаткан Украина согушу тууралуу сереп салды.

1825030
Украинанын чыгышында Орусиянын кыймылдары

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук чалгындоо кызматынын (DNI) директору Аврил Хейнс, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинада "узак мөөнөттүү согушка" даярданып жатканын билдирди.

АКШ Сенатынын Куралдуу Күчтөр комитетинде өткөрүлгөн «Дүйнөлүк коркунучтар» сессиясына катышкан АКШнын чалгындоо коомчулугунун башчысы Аврил Хейнс, 24-февралдан бери уланып жаткан Украина согушуна карата баа берди.

"Путин Украинада эмне кылгысы келет" деген суроого жооп берген Хейнс: «Орустар ал жакта (Донбасста) ийгиликтүү болсо да, бул абал согушту токтотпойт. Президент Путиндин Украинада өз максаттарына жетүү үчүн узак мөөнөттүү согушка даярданып жатканын ойлоп жатабыз",-деди.

Хейнс Орусиянын аскердик максаттарына жете албаганын, ушул себептен планын борбор калаа Киевден Донбасс аймагына бурганын белгилеп: «Алдыдагы 1-2 ай абдан чечүүчү болот, орустар да согуштук аракеттерин Донбасс аймагында күчтөндүрөт. Путиндин стратегиялык максаттары өзгөрбөсө керек",-деп айтты.

Аврил Хейнс Путиндин Орусия мамлекетине экзистенциалдык коркунуч сезгенде гана өзөктүк куралга кайрыла аларын болжолдогондорун, бирок дагы деле кылдат жана этияттык менен мамиле кылгандарын маалымдады.

Ошол эле учурда украин жетекчилери да Орусиянын өлкөнүн чыгышындагы чабуулдарын улантып жатканын кабарлашты.



Тектеш кабарлар