Иракта геморрагиялык ысытма вирусунан 12 адам каза болду
Бул тууралуу Ирактын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Сейф Бедир борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.
1824995
![Иракта геморрагиялык ысытма вирусунан 12 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d01d/6f8f/0306/627a75a089609.jpg?time=1718832083)
Иракта геморрагиялык деп аталган геморрагиялык ысытма вирусунан 12 киши каза болду.
Ирактын Саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Сейф Бедир борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында геморрагиялык ысытма вирусунан 12 кишинин каза болгонун, өлкө боюнча 55 учур катталганын билдирди.
Өлкөнүн түштүк тарабындагы Зикар провинциясында жалпы 29 учурдун аныкталганын белгилеген Бедир оорулардын көбү айыгып чыкканын кошумчалады.
Геморрагиялык ысытма Ирактын өзгөчө жагымсыз шарттарда мал багылган аймактарында байкалат.