ИКУдан биримдик билдирүүсү

Хүсейин Ибрахим Таха Абу-Дабиде Дүйнөлүк Мусулман Жамааттар Кеңеши (TWMCC) тарабынан уюштурулган жана эки күнгө созула турган конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү.

1823775
ИКУдан биримдик билдирүүсү

Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) баш катчысы Хүсейин Ибрахим Таха, Ислам дүйнөсү өлкөлөрүнүн «Исламдын имиджин жакшыртуу» үчүн биримдикке муктаж экенин айтты.

Хүсейин Ибрахим Таха Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбор шаары Абу-Дабиде Дүйнөлүк Мусулман Жамааттар Кеңеши (TWMCC) тарабынан уюштурулган жана эки күнгө созула турган конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү.

Конференциянын максаттарына көңүлдөрдү бурган Ибрахим Таха, Ислам дүйнөсүнүн «Исламдын жаман имиджин» оңдоо сыяктуу көптөгөн көйгөйлөргө туш болгонун белгиледи.

Таха: «Бул кырдаал ислам биримдиги түшүнүгүн жана Ислам дининин имиджин жакшыртуу үчүн мусулмандардын, ислам өлкөлөрүнүн, коомдордун жана мекемелердин биримдигин талап кылат»,-деди.

Дүйнөдө согуштар, этникалык жана секталар аралык кагылышуулардын күчөгөнүн баса белгилеген Таха конференциянын ушул алкакта уюштурулганын айтты. Таха: «Көптөгөн Ислам өлкөлөрүндө ыраатсыздыкка себеп болгон согуштар жана кагылышуулардан Ислам дүйнөсү да таасирленди»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар