Игорь Конашенков Украинада көп сандаган курал - жарактын жок кылынгандыгын билдирди

Конашенков : "Харьков облусундагы Богодухов вокзалынын жанында АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жөнөтүлгөн көп сандагы аскердик - техникалык куралдар жок кылынды",- деди.

1823441
Игорь Конашенков Украинада көп сандаган курал  -  жарактын жок кылынгандыгын билдирди

Россиянын  Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Харьков облусундагы Богодухов вокзалынын жанында АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн Украинага жөнөтүлгөн көп сандагы курал-жарактын жок кылынганын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштук аракеттери тууралуу маалымат берди. 

Орус армиясынын Украинадагы чабуулун улантып жаткандыгын белгилеген Конашенков абадан атылган жогорку тактыктагы ракеталар менен Донецктеги Бахмут отурукташуу жерине жакын жерде аскердик бөлүк жана техникалык унаалар чогулган 5 аймак жана ок-дары кампасынын атылгандыгын айтты.

Орус абадан согуштук тактикалык бөлүктөрүнүн түнү менен Украинанын 18 аскердик объектисине сокку урганын белгилеген Конашенков, Харьков облусунда 2 башкаруу борбору жана Одесса облусунда 3 ок-дары жана күйүүчү май кампасынын жок кылынганын айтты.

Конашенков : "Харьков облусундагы Богодухов вокзалынын жанында АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жөнөтүлгөн көп сандагы аскердик - техникалык куралдар жок кылынды",- деди.

280 украин куралдуу күчтөрүнүн өлтүрүлгөнүн жана 48 аскердик техникалык унаанын жок кылынганын белгилеген Конашенков ракеталык жана артиллериялык бөлүктөрдүн 44 башкаруу борбору менен 196 бекемделген позициясын жок кылгандарын айтты.  

Орус абадан коргонуу системаларынын түн ичинде Харьков, Херсон, Донецк жана Николаев аймактарында  Украинанын 13 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков,  Харьков облусундагы Изюм конушунун үстүндө 3 "Точка -  У" баллистикалык ракета менен "Смерч" көп стволдуу ракеталардан атылган 9 ракетанын да аткычтар абада жок кылынгандыгын белгиледи. Конашенков : "Ушул кезге чейин Украина армиясына таандык 152 учак, 112 тик учак, 762 учкучсуз учуучу аппарат, 295 абадан коргонуу ракеталык системасы, 2 миң 895 танк жана бронетехника, 333 көп стволдуу ракета аткычтар, 1364 гаубица жана минометтор, 2 миң 716 атайын аскердик техникалар  жок кылынды",- деди.

 

 



Тектеш кабарлар