Орус олигархынын яхтасы камакка алынды

Псаки Ак үйдө өткөргөн күнүмдүк маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1822789
Орус олигархынын яхтасы камакка алынды

АКШда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки, орус олигархы Сулейман Керимовго таандык 300 миллион долларлык яхтанын Фижиде колго түшүрүлгөнүн жарыялады.

Псаки Ак үйдө өткөргөн күнүмдүк маалымат жыйында күн тартибине сереп салып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусиялык миллиардер Керимовдун 300 миллион долларлык супер люкс яхтасынын Фижиде колго түшүрүлгөнүн белгилеген Псаки, бул иштин АКШнын талабы боюнча Фижи администрациясы тарабынан жасалганын айтты.

Тынч океандын түштүк бөлүгүндө жайгашкан арал мамлекети Фижи, Лаутока шаарынын Квинс пристанына токтотулган орусиялык миллиардер Сулейман Керимовго таандык 106 метрлик супер люкс яхтанын камакка алынганын билдирген.

Фижи полициясынын башчысы Ситивени Килихо, яхтанын бир нече күн мурун Лаутока портуна кириши менен тергөө башталганын айткан.



Тектеш кабарлар