Орусия Азовсталдан жарандарды эвакуациялоо коридорун ача турганын жарыялады

Министрликтин билдирүүсүндө, «Орусия башкаруусунун гуманитардык принциптерге таянган чечимине ылайык», Азовсталь аймагында эвакуация коридору ачыла турганы белгиленди.

1822275
Орусия Азовсталдан жарандарды эвакуациялоо коридорун ача турганын жарыялады
Azovstal siviller tahliye.jpg
Azovstal.jpg

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын  Су-24, Су-27 жана Су-25 үлгүсүндөгү 3 согуштук учагын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттерине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Украинадагы чабуулдарын улантып жатканын билдирген Конашенков: «Кировоград облусундагы Канатово аскердик аэродромундагы учак техникасы, Николаев шаарындагы ок-дарылар кампасы жана Николаев облусундагы Жовтневое шаарынын айланасында Украинанын аскердик-техникалык унаалары үчүн күйүүчү май цистернасы абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылынды»,-деди.

Конашенков Украинанын куралдуу күчтөрүнө караштуу 17-танк бригадасынын алдыңкы командирлигине, аскерлер жана аскердик унаалар топтолгон 4 аймакка жана Краматорск аймагындагы аскердик аэропортто 2 аскердик техникалык унаа кампасына сокку урулганын билдирди.

Орус аба согуштук тактикалык бөлүктөрү менен аба күчтөрүнүн украин аскерлери жана аскердик унаалары чогулган 93 аймакты бир түндө талкалаганын белгилеген Конашенков, ракеталык бөлүктөрдүн 2 командалык борборуна, артиллериялык бөлүктөрдүн да 2 ракета учуруу системасы менен Точка-У ракеталарын ташыган транспорттук унааны атканын жана 403 чыңдалган позицияга ок атылганын айтты.

Конашенков Орусиянын абадан коргонуу системасы Украинанын аба күчтөрүнө таандык Змейний (Жылан) аралынын айланасында Су-24 учагын, Херсон облусундагы Ингулец конушунун айланасында Су-27 учагын жана Днепр облусундагы Кошевое конушунун айланасында Су-25 согуштук учагын атып түшүргөнүн айтып,  Донецк, Луганск, Херсон жана Харьков облустарында украиналык 14 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Конашенков:«Учурда Украинага таандык 149 учак, 112 тик учак, 726 учкучсуз учуучу аппарат, 288 абадан коргонуу ракеталык системасы, 2 834 танк жана бронетехника, 325 көп стволдуу ракета аткычтар, 1306 гаубицалар жана минометтор, 2 646 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деп айтты.

Бир тараптан Орусиянын Коргоо министрлиги 3 күн бою кагылышууларды белгилүү сааттарда токтотуп, Украинанын Мариуполь шаарындагы Азовсталь металлургиялык заводунан жарандардын эвакуацияланышы үчүн гуманитардык коридор ача тургандарын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө, «Орусия башкаруусунун гуманитардык принциптерге таянган чечимине ылайык», Азовсталь аймагында эвакуация коридору ачыла турганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Орусиянын Куралдуу күчтөрү 5, 6 жана 7-майда Москва убактысы боюнча саат 08:00дөн 18:00гө чейин Азовсталь металлургиялык комбинатынын аймагындагы жумушчулар, аялдар жана балдардан турган жарандарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор ачты»,делген.

Киев башкаруусу дагы бир жолу жарыялаган билдирүүдө орус аскер бөлүктөрүнүн жана жикчил күчтөрүнүн кагылышууларды бир тараптуу токтотуп, коопсуз аралыкка чегине турганынын маалыматы бөлүшүлдү.

Билдирүүдө эвакуациялана турган жарандардын Орусия Федерациясынын аймагына жана Киев администрациясынын көзөмөлүндөгү аймактарга баруусуна уруксат бериле турганы белгиленген.

Орусиянын Коргоо министрлиги кечээ күнү Мариуполдогу Азовсталь металлургиялык комбинатында эвакуациялар себептүү колдонулган ок атышпоо режимин бузган украин күчтөрүнө чабуул баштаганын жарыялаган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар