Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынады

Сыноонун жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.03тө Пхеньянга жакын Сунан аймагынан Япон деңизи багытында жүргүзүлгөнү айтылды.

1821810
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынады

Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасын сынаганы кабарланды.

Йонхап агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Кореянын Башкы штабы Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасын сынаганын билдирди.

Сыноонун жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.03тө Пхеньянга жакын Сунан аймагынан Япон деңизи багытында жүргүзүлгөнү айтылды.

Коомдук NHK телеканалынын маалыматына караганда, Япониянын Коргоо министрлиги ракетанын япон улуттук өзгөчө зонасынын сыртына түшкөнүн жарыялады. Япониянын премьер-министри Кишида Фумио аймактагы кемелерге жана учактарга ыктымалдуу зыяндарды аныктоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Акыркы сыноо менен биргеликте Түндүк Корея 2022-жылдын башынан бери 14-ирет ракета сынаган болду.



Тектеш кабарлар