Орусиянын кол салуусунан Украинада каза болгон жарандар, эвакуациялар...

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси, Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын кол салуусунан 3193 жарандын каза болгонун, алардын 227си балдар экенин жарыялады.

1821881
Орусиянын кол салуусунан Украинада каза болгон жарандар, эвакуациялар...

Украинада согуш башталган 24-февралдан бери 3193 жайкын тургундун каза болгону маалымдалды.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси, Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын кол салуусунан 3193 жарандын каза болгонун, алардын 227си балдар экенин жарыялады.

Билдирүүдө кагылышууларда 3 миң 353 жарандын жаракат алганы, каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн экендиги белгиленди.

Бир тараптан БУУнун Украинага гуманитардык жардам координатору Оснат Лубрани жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, БУУнун жергиликтүү өнөктөштөрү жана Кызыл Крест комитети менен биргеликте Украинанын Мариуполь шаарындагы Азовсталь металлургиялык заводунан жарандарды эвакуациялоо процессинин уланып жатканын айтты.

Лубрани 29-апрелде башталган эвакуация иштеринин алкагында 2 айдан бери чыга албай жаткан 101 жарандын кечээ ийгиликтүү эвакуацияланганын билдирди.

БУУнун гуманитардык жардамдарды координациялоо кеңсесинин Украина боюнча катчысы Савиано Абреу 2 айга жакын Азовсталь ишканаларынан чыга албай калган көптөгөн аялдар, балдар жана карылардын бул жерден Запорожьеге эвакуациясынын уланганын кабарлады.



Тектеш кабарлар