Украина Россиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 24 миң 200дөй аскерин, 194 учагын, 155 тик учагын жана 1062 танкын жоготкондугун билдирди.

1821645
Украина Россиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Расмий маалыматтарга караганда, Россиянын Украинага жасаган кол салууларында 220 бала каза болуп, 406дан ашуун бала жаракат алган.

Россия менен Украинанын ортосунда 24 - февралдан бери болуп келе жаткан согушта жарандык жоготуулар  да көбөйүүдө.

Украинанын башкы прокурорунун билдирүүсүндө : «Украинадагы Россия Федерациясынын кол салууларынан 626дан ашык бала жабыркады. Расмий маалыматтар боюнча 220 бала каза болуп, 406дан ашуун бала жаракат алды",- деп билдирилди. 

Маалыматта бул сандардын акыркы маалыматтар эмес экендиги, бошотулган аймактардагы иштердин улантылып жаткандыгы билдирилди. 

Россиянын кол салууларынын натыйжасында 1584 билим берүү мекемеси жабыркап,  аалрдын 118зи толугу менен кыйраган.

Кечээ Одессага жасаган ракеталык ол салууда 15 жаштардагы бир бала каза болду. 

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 24 миң 200дөй аскерин, 194 учагын, 155 тик учагын жана 1062 танкын жоготкондугун билдирди.

Украинанын Башкы штабы 24 - февраль,  3 - май аралыгындагы орус армиясынын жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө, Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 400 аскерин жоготконун жарыялады.

Маалыматта : «Орус армиясы жалпысынан 24 миң 200 аскерин жоготту жана 194 учак, 155 тик учак, 1062 танк, 2 миң 567 бронетехника, 475 замбирек, 162 ракета атуу системасы жана 80 абадан коргонуу системасы жок кылынды», — деп билдирилди. 

Орус күчтөрү ошондой эле 1843 унаасын, 10 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайыктарды жана 291 учкучсуз учуучу аппаратты жоготту.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу билдирилген.



Тектеш кабарлар