Орус армиясынын жоготуулары

Украинанын Башкы штабы билдирүү жасады.

1821355
Орус армиясынын жоготуулары

Орус армиясынын болжол менен 23 миң 800 аскерин, 194 учагын, 155 тик учагын жана 1 миң 488 танкасын жоготкондугу билдирилди.

Украинанын Башкы штабынын орус армиясынын 24-февралдан 2-майга чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө, Украинага кол салган орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 300 аскеринен ажыраганы кабарланды.

Билдирүүдө: "Орус армиясы жалпысынан 23 миң 800 жоокерин жоготту жана 194 учак, 155 тик учак, 1048 танк, 2519 бронетехника, 459 замбирек, 152 ракета атуу системасы жана 80 абадан коргонуу системасы жок кылынды",-деп маалымдалды. 

Орус күчтөрү ошондой эле 1824 унаа, 8 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил катер, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 271 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө, Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген эле. 



Тектеш кабарлар