Дания Украинадагы элчилигин кайра ачты
Даниянын Киевдеги элчилиги Орусия 24-февралда Украинага согуш жарыялагандан кийин жабылган болчу.
1821434
Дания Украинанын борбору Киевдеги элчилигин кайра ачты.
Тышкы иштер министри Жеппе Кофод жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: "Бүгүн Дания элчилигинин эшигин кайрадан ачып жатканыбыз, Даниянын Украинага жана украин элине колдоосунун абдан күчтүү символу" деди.
Элчилик убактылуу чектелген сандагы кызматкерлер менен иштейт.
Даниянын Киевдеги элчилиги Орусия 24-февралда Украинага согуш жарыялагандан кийин жабылган болчу.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.