Зеленский сүйлөшүүлөрдү токтотуу тобокелдик экендигин айтты

Польшалык журналисттерге интервью берген Зеленский Россия менен Украинанын ортосунда 2 айдан ашык убакыттан бери болуп келе жаткан согуш тууралуу маалымат берди.

1820845
Зеленский сүйлөшүүлөрдү токтотуу тобокелдик экендигин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөрдүн толугу менен токтотулушу чоң тобокелдик экендигин белгиледи. Польшалык журналисттерге интервью берген Зеленский Россия менен Украинанын ортосунда 2 айдан ашык убакыттан бери болуп келе жаткан согуш тууралуу маалымат берди.

Өлкөсүнүн Россия менен сүйлөшүүлөрүнө токтолгон Зеленский : «Кандайдыр бир сүйлөшүүнү толугу менен токтотуп коюнун чоң тобокелчиликтери бар. Бул орус армиясы кирген жерлердеги жыйынтыктарга байланыштуу»,- деди.

Эки өлкөнүн делегацияларынын ар кандай деңгээлде онлайн режимде сүйлөшкөндүгүн айткан Зеленский : «Биз бир эле актер ойногон саясий театрдын спектаклине катышкыбыз келбейт. Орус тарап алгач туткун алмашуу болорун ырастап, бирок кийинчерээк бул ишке ашпай жатат",- деди.

Зеленский бул маселелердин чечилиши үчүн эки лидердин түздөн түз сүйлөшүүсү керектигин баса белгиледи.

Киев аймагында жаңы массалык мазардын табылгандыгын айткан Зеленский ушул кезге чейин буга окшогон мазарларда жалпы 900 адамдын сөөгүнүн табылгандыгын белгиледи.

Орус аскерлери 24 -февралда Украинага кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар