Парижде 11 өлкөнүн катышуусу менен Сирия жыйыны өттү

Франциянын борбор шаары Парижде Түркия да болгон 11 өлкөнүн жана 2 эл аралык уюмдун өкүлдөрү Сириядагы абалды талкуулашты.

1820849
Парижде 11 өлкөнүн катышуусу менен Сирия жыйыны өттү

Франциянын борбор шаары Парижде Түркия да болгон 11 өлкөнүн жана 2 эл аралык уюмдун өкүлдөрү Сириядагы абалды талкуулашты.

АКШнын Тышкы иштер министрлигинин жыйналышка байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Араб Лигасы, Европа Биримдиги, Египет, Франция, Германия, Ирак, Иордания, Норвегия, Катар, Сауд Арабия, Түркия, Улуу Британия жана АКШ 28 - апрелде Парижде чогулуп, маселе тууралуу талкуулашкандары белгиленди.

Билдирүүдө жыйында Сирия калкынын кыйынчылыктарын жеңилдетүү тууралуу туруктуу чечкиндүүлүктүн баса белгиленгендиги, өзгөчө Сирия жана аймактын келечеги үчүн Европа Биримдигинин жетекчилигинде өткөрүлө турган 6 -Брюссел конференциясыныныраазычылыгы менен кабыл алынгандыгы маалымдалды.

Жыйында сириялык качкындар жана кабыл алуучу өлкөлөргөмаанилүү жана жетеринчеколдоо көрсөтүүнү улантуунун зарылчылыгы белгиленип : «Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсендин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 - чечиминин негизинде Сирия кризисин токтоткон жана Сириянын биримдигин, аймактык бүтүндүгүнө сый көрсөткөн саясий чечимди алдыга жылдыруу аракетин колдой турганыбызды кайталадык»,- деп айтылды.

Жыйында Сирияга карата БУУнун негизиндеги жардамдын улантылышы жана көбөйтүлүшү, элге жеткирилиши үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн жардамдарды бөлүштүрүү механизмине кайрадан уруксаттын берилишинин мааниси билдирилип, өзгөчө Сирияда жасалган олуттуу согуштук кылмыштар үчүн жоопко тартуу үчүн кысымдын улантылышы керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар