Кабулдагы мечитке жардыруу: 5 киши каза болду
Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
1820696
Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы мечитте жума намаздан кийин жасалган жардыруудан 5 жаран каза болду.
Талибандын убактылуу өкмөтүнүн Кабул полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задран, Кабулдун Сех Рахай Алауддин районундагы мечитке жума намазынан кийин бомбалуу кол салуу болгонун билдирди.
Кол салууда 5 жарандын каза болгонун кабарлаган Задран, 20 жарандын да жаракат алганын белгиледи.
Күбөлөрдүн айтымында, кол салуудан каза болгондордун саны 10дон көп.
Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.