АКШнын Орусияга каршы чара көрүүлөрү

Энтони Блинкен Өкүлдөр палатасынын Тышкы байланыштар комитетинде катышкан бюджет жыйынында АКШ администрациясынын Орусияга каршы чараларына баа берди.

1820223
АКШнын Орусияга каршы чара көрүүлөрү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусиянын Борбордук банкынын тоңдурулган каражаттарынын да камакка алынышы жана булардын Украина үчүн колдонулушу мүмкүн экенин айтты.

Энтони Блинкен Өкүлдөр палатасынын Тышкы байланыштар комитетинде катышкан бюджет жыйынында АКШ администрациясынын Орусияга каршы чараларына баа берди.

Блинкен, «Биз орус олигархтарынын активдерин, яхталарын, виллаларын жана банк эсептерин конфискациялоону сүйлөшүп жатабыз. Эгер бул принципти кабыл алсак, бул (орусиялык) мамлекеттик активдерге да колдонулушу мүмкүнбү? Орусиянын Борбордук банкына тиешелүү бир топ көп суммадагы акчалар тоңдурулган абалда»,-деген суроого «Кыскасы, ооба»,-деп жооп берди.

АКШнын президенти Жо Байден, орус олигархтарына тиешелүү мүлктөрдү камакка алуу жана аларды Украина үчүн колдонуу темасында администрацияга кеңири ыйгарым укуктарды берген кадамдарды таштагандарын жана бул боюнча Конгресс менен биргеликте иш алып барышкандарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар