НАТОдон Финляндия менен Швецияга жакшы кабар

Йенс Столтенберг Финляндия менен Швеция альянска мүчөлүккө кайрылса, жылуу кабыл алынарын жана мүчөлүк процесстери кыска убакытта бүтүшү мүмкүн экенин айтты.

1819891
НАТОдон Финляндия менен Швецияга  жакшы кабар

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндия менен Швеция альянска мүчөлүккө кайрылса, жылуу кабыл алынарын жана мүчөлүк процесстери кыска убакытта бүтүшү мүмкүн экенин айтты.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги парламент имаратына барган Столтенберг Европа Парламентиндеги саясий топторго Украинадагы акыркы абал тууралуу маалымат берди жана Европа Парламентинин спикери  Роберта Мецола менен жолугушуудан мурда журналисттерге маалымат берди.

Финляндия менен Швеция НАТОго мүчө болууну кааласа, мүчөлүк процесси канча убакытка созулат деген суроого жооп берген Столтенберг : «Бул өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү НАТОнун стандарттарына жооп берерин жана НАТО менен шайкеш келерин билебиз. Машыгууларды чогуу өткөрүүдөбүз. Көптөгөн операцияларда жана миссияларда чогуу иштештик. Эгер алар кайрыла турган болсо, жылуу кабыл алынат. Процесстин  ылдам болушун күтүп жатам. Расмий процесс аяктагандан кийин мүчө боло алышат»,- деди.

24 -  февралда Россиянын Украинага баштаган кол салуусунун Грузия жана Молдова сыяктуу НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө эмес  өлкөлөрдүн коопсуздугуна НАТОнун колдоосуна муктаж экендигин ортого салганын баса белгилеген Столтенберг мунун практикалык жана саястй колдоону камтыгандыгын, Европанын чыгышындагы жакын өнөктөштөр менен эмнелерди аткарала ала тургандары тууралуу иштешкендерин айтты.

Столтенберг ошондой эле НАТО мүчөлөрүнүн Украинага берген аскердик колдоосунун көлөмүнүн 8 миллиард долларга жеткенин белгиледи.



Тектеш кабарлар