Евробиримдиктен украиналыктарды кабыл алган мүчө өлкөлөргө 3,5 миллиард евро

Евробиримдиктин мүчөлөрүнө алдын ала төлөмдөр украиналыктардын тамак-аш, баш калкалоочу жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн берилди.

1819991
Евробиримдиктен украиналыктарды кабыл алган мүчө өлкөлөргө 3,5 миллиард евро

Евробиримдик (ЕБ) комиссиясы украиналык баш калкалоочуларды кабыл алган мүчө мамлекеттерге 3,5 миллиард евролук колдоо көрсөттү.

Евробиримдик комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, Орусиянын 24-февралда башталган чабуулунан кийин согуштан качкан украиналыктарга карата бөлүнгөн алдын ала төлөмдөр Евробиримдиктин Европадагы качкындар үчүн интеграциялык бюджетинен каржыланды.

Евробиримдиктин мүчөлөрүнө алдын ала төлөмдөр украиналыктардын тамак-аш, баш калкалоочу жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жумуш менен камсыз кылуу сыяктуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн берилди.

Ушул убакка чейинки төлөмдөрдүн эң көп бөлүгүн алган Польшага 562 миллион евро берилди. Экинчи орунда Италияга 452 миллион евро, андан кийин Румынияга 450 миллион евро, Испанияга 434 миллион евро, Венгрияга 299 миллион евро, Чехияга 283 миллион евро, Словакияга 209 миллион евро болуп мүчө мамлекеттерге жалпы 5,5 миллиард евролук колдоо төлөмү ишке ашты. 



Тектеш кабарлар