Сырдуу гепатит вирусу Канадада да аныкталды

12 өлкөгө тараган вирустун ушул убакка чейин 200гө жакын балага жуккандыгы белгиленди.

1819087
Сырдуу гепатит вирусу Канадада да аныкталды

Британияда пайда болгон жана кыска убакытта 12 өлкөгө жайылган гепатит вирусу Канадада да аныкталды.

Канаданын Коомдук саламаттыкты сактоо агенттигинин (PHAC) билдирүүсүндө : «Канада элдик саламаттыкты сактоо  мекемеси Канадада кичинекей балдарда кездешкен теги белгисиз курч гепатит байтаптарын билет»,- деп билдирди.

Жалпы өлкөдө аныкталган гепатит бейтаптарынын иликтенгендиги билдирилген маалыматта кийинки баскычтарда изилдөөлөр тууралуу коомчулукка маалымат берилери белгиленди. Маалыматта аныкталган бейтаптардын саны жана кайсы аймактарда чыкканына байланыштуу кенен маалымат берилбеди.

Дүйнөлүк  Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматы боюнча АКШ, Британия, Испания, Израил, Дания, Ирландия, Италия, Норвегия, Франция, Румыния, Бельгия жана Нидерландияда белгисиз гепатиттин учурлары байкалган.

Дүйнөлүк Саламаттыкты  Сактоо Уюмунун 16 -апрелдеги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Британияда  74 балада теги белгисиз гепатит вирусунун аныктагандыгы жарыяланган.

12 өлкөгө тараган вирустун ушул убакка чейин 200гө жакын балага жуккандыгы белгиленди.

Вирус аныкталган балдарда акыркы бир айда сарык, ич өткөк, кусуу, ич ооруу сыяктуу белгилери байкалып, боордун катуу сезгенүүсүнөн 17 баланын боор трансплантациясы менен дарыланганы билдирилген.

Оорунун "сырдуу" же "себеби түшүнүксүз" деп аныкталышы,  Ковид-19 вирусун эске салып, ошол эле учурда жаңы "глобалдык эпидемия" ыктымалын да күн тартибине алып келди.

Ковид-19 ат коюлганга чейин "табышмактуу өпкө оорусу" деп аталган.



Тектеш кабарлар