Россия : Британиянын куралдарын Киевге колдондуруусуна карата жооп берилет

Россиянын коргоо министрлиги Британиянын Украинага берген куралдардын орус  жерлериндеги буталарга кол салуу үчүн колдонула турган болсо Киевдеги чечим чыгаруу борборлорунун атыларын билдирди.

1818845

Министрликтен берилген маалыматта Британиянын коргонуу боюнча жооптуу мамлекеттик министри  Жеймс Хиппинин Украинага жеткирилген куралдар  ​​менен Россия аймагындагы буталарга кол салууда «көйгөй болбойт» дегени эске салынды. 

Маалыматта орус армиясынын узун аралыктуу жогорку тактыктагы ракеталар менен Киевдеги чечим чыгаруу борборлоруна жооп кайтаруу кол салууларын баштоо үчүн 24 саат даяр күтүп жаткандыгы билдирилип : "Лондондун  Киев режимин мындай кыймылдарга түздөн - түз көкүтүүсүн (орус аймактарына карата кол салуунун) ишке ашырууга аракет кылынышы менен дароо пропорционалдуу жооп кайтарууга түрткү болорун баса белгилегибиз келет. Киевдеги Украинага таандык чечим чыгаруу борборлорунда батыштык өлкөлөрдөн биринин жараны болгон кеңешчилердин болушу Россиянын жообуна байланыштуу чыгарган чечимине  эч кандай кыйынчылык жаратпайт",- деп айтылды. 

Тектеш кабарлар