Игорь Конашенков Украинага куралдар жайгашкан ангарлардын атылгандыгын айтты

Игорь  Конашенков Украинанын Запорожье шаарында АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жиберилген курал жана ок  - дарылар болгон ангарларды алыс аралыкка учуучу «Калибр» ракеталары менен атылгандыгын билдирди.

1819123
Игорь  Конашенков Украинага куралдар жайгашкан ангарлардын атылгандыгын айтты

Россиянын Коргоо министрлигинин катчысы Игорь  Конашенков Украинанын Запорожье шаарында АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн жиберилген курал жана ок  - дарылар болгон ангарларды алыс аралыкка учуучу «Калибр» ракеталары менен атылгандыгын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Украинадагы буталарга каршы жогорку тактыктагы куралдарды колдонууну улантып жаткандарын айткан  Конашенков : "АКШ жана Европа өлкөлөрү тарабынан Украинанын аскердик бөлүктөрүнө жиберилген курал жана ок-дарылар болгон Запорожье алюминий заводу аймагындагы ангарлар деңизден алыс аралыкка учуучу, жогорку тактыктагы "Калибр" ракеталары менен жок кылынды",- деди.  

Орус абадан согуштук тактикалык бөлүктөрүнүн түн ичинде 59 украин аскердик элементине сокку урганын белгилеген Конашенков, ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 573 бутаны аткандыгын айтты.

Абадан коргонуу ракета системалары менен Украинанын 18 учкучсуз учуучу аппаратын жана Ильичевка конушунда абада Точка-У тактикалык ракетасын атып түшүрүшкөндөрүн белгилеген Конашенков : «Учурда Украинанын куралдуу күчтөрүнө таандык 141 учак, 110 тик учак, 607 учкучсуз учуучу аппарат, 273 абадан коргонуу ракеталык системасы, 2 миң 596 танк жана бронетехника, 296 көп стволдуу ракета аткычтар, 1134 гаубица жана минометтор, 2413 атайын аскердик техника жок кылынды»,- деди.



Тектеш кабарлар