Швеция Орусияга каршылык көрсөттү

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1818593
Швеция Орусияга каршылык көрсөттү

Швеция 4 дипломатын өлкөдөн чыгарган Орусияга каршылык көрсөттү.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусиянын бүгүн 4 швециялык дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин «негизсиз» кыймыл деп эсептегендерин белгиледи.

Линде: «Орусиянын бул чечими адилетсиз жана ченемсиз. Орусия Батыш дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу менен өзүн четтетип жатат. Биз бул негизсиз аракетке тиешелүү жоопту кайтарабыз»,-деди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Швециянын 4 орус дипломатын 5-апрелде депортациялаганы эске салынып, жооп иретинде 4 швед дипломатынын Москвадан чыгарылганы кабарланган эле. 



Тектеш кабарлар