Нигерияда холера эпидемиясы

Былтыр эпидемиядан 3 миң 604 киши каза болду.

1818325
Нигерияда холера эпидемиясы

Нигерияда өткөн жылы 111 миңден ашык холера учуру аныкталды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Нигерия өкүлү Уолтер Муломбо билдирүүсүндө, Нигерияда 2021-жылы холера эпидемиясында тарыхтын эң начар мезгили болгонун белгиледи.

Былтыр өлкөдө 111 миң 62 холера учуру аныкталганын белгилеген Муломбо, эпидемиядан 3 миң 604 кишинин каза болгонун айтты.

Муломбо ДССУ жана Нигерия өкмөтү менен биргеликте эпидемиянын алдын алуу үчүн өнөктүктөр башталганын билдирди.



Тектеш кабарлар