Мексикада мыйзамсыз иммигранттар

Акыркы 4 күндө кармалган 6 миң иммигранттын 200үнүн коштоосуз жүргөн балдар экени билдирилди.

1818217
Мексикада мыйзамсыз иммигранттар

Мексика акыркы 4 күндө АКШ чек арасына жетүү үчүн өлкөгө мыйзамсыз кирген 6 миң иммигранттын кармалганын билдирди.

Улуттук Миграция Институтунун (INM) билдирүүсүндө, кармалган иммигранттардын көбүнүн Гондурас, Куба, Гватемала, Никарагуа, Сальвадор, Колумбия, Венесуэла, Перу, Эквадор жана Гаитиден болгону белгиленди.

Акыркы 4 күндө кармалган 6 миң иммигранттын 200үнүн коштоосуз жүргөн балдар экени билдирилип, бул адамдардын тамак-аштары жана суусундуктары жок начар абалда экендери кабарланды.

Билдирүүдө акыркы убакта мыйзамсыз мигранттардын саны кайрадан көбөйгөндүгү баса белгиленип, адам сатуучулардын иммигранттарды АКШга алып кетебиз деп алдап жаткандары айтылды.

Көптөгөн жылдар бою Борбордук Америка өлкөлөрүнөн жолго чыккан көптөгөн мыйзамсыз иммигранттар Гватемала жана Мексика аркылуу АКШга жетүүгө аракет кылышууда.



Тектеш кабарлар