Ляйен: "Орусия Европага түздөн-түз коркунуч"

Урсула фон дер Ляйен Индиянын борбору Жаңы-Делиде өткөрүлгөн «Раисина диалогу конференциясында сөз сүйлөдү.

1818003
Ляйен: "Орусия Европага түздөн-түз коркунуч"

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен “Орусиянын Украинадагы агрессиясынын” Европанын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтиргенин билдирди.

Урсула фон дер Ляйен Индиянын борбору Жаңы-Делиде өткөрүлгөн «Раисина диалогу» конференциясында сөз сүйлөп, Орусиянын «Украинага каршы негизсиз жана себепсиз агрессиясынын стратегиялык ийгиликсиздик болоорун айтып: «Бейкүнөө жарандарды бутага алуу жана өлтүрүү, чек араларды күч менен өзгөртүү, эркин элдин эрктүүлүгүн көзөмөлдөө Бириккен Улуттар Уюмунун негизги принциптерине каршы келет. Биз Орусиянын агрессиясын Европада коопсуздугубузга түздөн-түз коркунуч катары эсептейбиз»,- деди.

Фон дер Ляйен Европа Биримдигинин Украинанын эркиндиги үчүн күрөшүүсүнө колунан келгендин баарын жасап жатканын баса белгилеп: «Ошондуктан биз катуу, чоң жана таасирдүү санкцияларды киргизүүгө аргасыз болдук»,-деп айтты.

Санкциялардын жалгыз чечим эмес экенин белгилеген фон дер Ляйен булардын Европа Биримдигине «узак тынчтык алып келе турган дипломатиялык чечимге жетишүү» мүмкүнчүлүгүн берген кеңири стратегиянын бир бөлүгү экенин маалымдады. 



Тектеш кабарлар