Сефин Дизайи: «ПКК жакырлардын үйлөрүн талкалап, салык чогултууда»

ИКАБдын Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сефин Дизайи күн тартибине байланыштуу Эрбил телеканалына билдирүү жасады. ИКАБдын премьер-министри Масрур Барзани 2021-жылдын 27-февралында Францияда эфирге чыккан France 24 каналына маалымат берген.

1817517
Сефин Дизайи: «ПКК жакырлардын үйлөрүн талкалап, салык чогултууда»

Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунун (ИКАБ) Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сефин Дизайи жикчил террордук уюм ПККнын аймактагы болушун сындады.

ИКАБдын Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сефин Дизайи күн тартибине байланыштуу Эрбил телеканалына билдирүү жасап: «ПКК жакырлардын үйлөрүн талкалап, салык чогултууда»,-деди.

Дизайи ПККнын Махмур, Синжар, Керкүк жана Ханекинге жакын аймактарда көйгөйлөрдү жаратканын айтты.

ИКАБдын жооптуу кызматкери ПКК өзүн ИКАБда альтернатива катары таңуулаганына көңүл буруп: «Башынан сурашыбыз керек, ПКК бул аймактарда эмне кылып жүрөт? Күрдистан аймагынын өкмөтү шайланган өкмөт жана бул аймактардан жооптуу. ПКК Кандил жана Кандил тоосунун беттери сыяктуу бул аймактарда өзүн альтернатива катары көрөт. Аймактардын атын өзгөртүүгө аракет кылууда. Буга уруксат берилбейт. Кызык, бул аймактардын атын өзгөртүүгө, өз бийлигин таңуулоого жана элден салык алууга ким укук берди?»-деди.

ИКАБдын премьер-министри Масрур Барзани 2021-жылдын 27-февралында Францияда эфирге чыккан France 24 каналына берген маалыматында ПККнын айынан 800 айылдын кайрадан курула албагандыгын белгилеп, ПККнын аймакта болушуна чыдап тура албастыгын баса белгиледи.

«Тилекке каршы ПКК ИКАБ расмийлеринин жакшы ниетинен пайдаланды»,- деп айткан Барзани террордук уюмдун аймактагы тоолорду, ал тургай турак жайларды да басып алганын, ушул себептен 800 айылдын кайрадан курула албаганын айтты.

Барзани: «Кээде дыйкандар жерлерине кире албай калышат. Көбүнчө алар айылдарынан куулуп да кетишет. Андыктан бул кырдаал курчуп кетпесин деп үмүттөнөбүз. ПКК бул аймактагы аскерий турумунун эч кимге кызмат кылбай турганын түшүнөт деп үмүттөнөбүз. Биз буга албетте чыдап тура албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар