Орусия 40 немис дипломатын персона нон грата деп жарыялады

Бул туралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орун алды.

1817880
Орусия 40 немис дипломатын персона нон грата деп жарыялады

Орусия 40 немис дипломатын өз ара мамиледен улам персона нон грата (кааланбаган адам) деп жарыялады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Орусиянын Германиядагы элчиликтеринде иштеген 40 кызматкердин персона нон грата деп жарыяланганы эске салынды.

Ушул себептен Германиянын Москвадагы элчиси Геза Андреас фон Гейрдин министрликке чакыртылгандыгы белгиленген билдирүүдө: "Элчиге Германиянын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө иштеген 40 адамдын персона нон грата деп жарыялангандыгы тууралуу нота берилди», - деп маалымдалды. 



Тектеш кабарлар