Зеленский: «Мариуполдо эл жок кылынып, референдум делгендер өткөрүлсө, сийлөшүүдөн баш тартабыз»

Зеленский Орусия-Украина согушунун 59-күнүндө борбор шаар Киевдин борборундагы Хрешатик метро станциясында маалымат жыйын өткөрдү.

1817050
Зеленский: «Мариуполдо эл жок кылынып, референдум делгендер өткөрүлсө, сийлөшүүдөн баш тартабыз»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мариуполдо эл жок кылынса, басып алынган аймактарда референдум делгендер өткөрүлсө, анын өлкөсү Орусия менен бардык сүйлөшүүлөрдөн баш тарта турганын билдирди.

Зеленский Орусия-Украина согушунун 59-күнүндө борбор шаар Киевдин борборундагы Хрешатик метро станциясында маалымат жыйын өткөрдү.

Зеленский Мариуполь алар үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгилеп: «Мариуполдо биздин эл жок кылынса, оккупацияланган аймактарда референдум делгендер өткөрүлсө, Украина кандай гана болбосун сүйлөшүүлөрдөн (Орусия менен) чыгып кетет»,-деди.

Зеленский: «Бизде жетиштүү курал болгондон кийин, биз убактылуу оккупацияланган бардык аймактарды кайтарып алабыз», - деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга байланыштуу Зеленский: «Мен Орусиянын президенти менен жолугушууну каалабайм, бирок бардык маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүнү пландап жатсак, анда мен муну кылышым керек. Эгер сөз Путинди эл аралык сотко берүү жөнүндө болуп жатса, анда адамдардын жана балдардын өлтүрүлүшү үчүн буйругун берген кимдир-бирөөнүн ушул сотко кире турганына ишенем»,-деп айтты.

Согуштун бүтүшүнө байланыштуу Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчулук тууралуу сөз кылган Зеленский: «Түркия ортомчу болууну каалаган мамлекеттердин арасында лидер болгусу келгенин көрсөтүүдө. Түркия ачык түрдө кепил өлкөлөрдин арасында орун алууну каалаганын жана ал даяр экенин айтууда»,-деп өз баасын берди.

Зеленский, Украинанын НАТО менен интеграция процессине байланыштуу окуяларга токтолуп, «Украинанын НАТОго алынбаганы чоң жаңылыштык болду. Биздин НАТОго киришибиз альянсты бекемдеп, Орусия согушту баштабай турганына кепилдик болмок. Бул стратегиялык ката болду»,-деди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар