Гаитиде кичи учак кырсыкка учурады
Кырсыкта 5 киши каза болду.
Гаитинин борбор шаары Порт-о-Пренсте кичи учак кырсыкка учурап жолго түшүшү менен жүк ташуучу унаа менен кагылышып, 5 киши каза болду.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүгүндөгү жээк шаарларынын бири Жакмелге барууга аракет кылган кичинекей учак кулап, газдалган суу бөтөлкөлөрүн ташыган жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.
Кырсыкта унаанын айдоочусу менен 5 киши каза болуп, жаракат алган учкуч ооруканага жеткирилди.
Гатинин пресьер - министри ариель Генри твиттер эсебинен берген маалыматта, кырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Өлкөдө 2021 - жылы борбор шаарга жакын жерде менчик бир учак кырсыкка учурап, кырсыкта 6 киши каза болгон.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.