Украинада өз жеринен ажырагандар

Эл аралык Миграция уюмунун башкы директору Антонио Виторино, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде брифинг берди.

1815033
Украинада өз жеринен ажырагандар

Орусиянын 24-февралда Украинага каршы баштаган согушунан улам 12 миллиондон ашуун адам жер которду.

Эл аралык Миграция уюмунун башкы директору Антонио Виторино, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде берген брифингинде, Орусиянын Украинадагы кол салуулары күчөгөн сайын чоңдор менен балдардын психологиялык муктаждыктарынын да артаарына көңүл бурду.

Виторино ошондой эле аялдар менен балдарды адам сатуудан жана сексуалдык зомбулуктан коргоо керектигин айтты.

Украинадагы балдардын жарымынан көбүнүн жер которууга аргасыз болгонун белгилеген Виторино, бул балдарды кабыл алган өлкөлөрдөн, коштоосуз калгандарды аныктоого жана аларды үй-бүлөлөрү менен жакындарына кайтарууга жардам берүүгө чакырды.

Качкындарга карата бөлүп-жаруунун токтотулушун талап кылган Антонио Виторино расалык, этникалык, улуттук же иммигранттык статусуна карап басмырлоонун кабыл алынгыс экенин белгиледи.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын кызматкери Келли Клементс болсо украиналык качкындардын санынын 5 миллионго жакындаганын билдирди.



Тектеш кабарлар