Орусия континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады

"Сармат" ракетасынын Архангельск аймагынан учурулганы жана Камчаткадагы бутага тийгени белгиленди.

1815409
Орусия континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады

Орусия "Сармат" континенттер аралык баллистикалык ракетасын биринчи жолу сынады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, "Сармат" ракетасынын Архангельск аймагынан учурулганы жана Камчаткадагы бутага тийгени белгиленди.

Орус президенти Владимир Путин учуруу сыноосуна байланыштуу билдирүүсүндө Сарматтын Орусиянын коопсуздугун камсыздай турганын айтып: "Бул курал агрессивдүү риториканын кызыгы менен бизди коркутууга аракет кылгандарды дагы бир жолу ойлонууга мажбурлайт",- деди.

Орусия 1988-жылдан бери инвентаризациясында турган жана батыш мамлекеттери "Шайтан" деп сыпаттаган континенттер аралык "Воевода" баллистикалык ракетасынын ордуна Сарматты иштеп чыкты.

2010-жылдан бери үстүндө иштелип жаткан, Воеводага караганда көбүрөөк ядролук дүрмөт ташый алган алыс аралыкка учуучу ракета Түндүк жана Түштүк уюлдардан өтүп бутага жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Болжол менен 200 тонналык салмагы жана кыска мөөнөттүү активдүү учуу өзгөчөлүктөрүнүн негизинде Сарматка азыркы ракетадан коргонуу системалары тарабынан бөгөт коюу мүмкүн эмес экени айтылат. Аскердик эксперттер Сарматтын 11 миңден 18 миң чакырымга чейин уча ала турганын белгилешти.



Тектеш кабарлар