Нидерландия Румынияга аскер жөнөтөт

Нидерландиялык аскерлердин быйыл жайында Румыниянын Цинку аймагындагы аскердик базага жайгашаары кабарланды.

1815288
Нидерландия Румынияга аскер жөнөтөт

Нидерландия НАТОнун чыгыш канатын бекемдөө үчүн Румынияда түзгөн көп улуттуу согуштук топко 200гө жакын аскерин кошо турганын билдирди.

Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, нидерландиялык аскерлердин быйыл жайында Румыниянын Цинку аймагындагы аскердик базага жайгашаары белгиленди.

Билдирүүдө аскерлердин биринчи кезекте 12 ай бою 900гө жакын аскерден турган Франциянын жол башчылыгындагы НАТОнун согуштук тобунун бир бөлүгү боло турганы маалымдалды.

Ошондой эле 85 аскер кызматкеринен турган инженердик топтун да кийинки айда (Нидерландиядан) Румынияга барышы мүмкүн экендиги белгиленди.

НАТО 12-апрелде Болгария, Венгрия, Румыния жана Словакияда көп улуттуу согуштук топтор түзүлгөнүн жарыялаган болчу. 



Тектеш кабарлар