Россия Украинанын жоготуулары тууралуу билдирди

Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуш аракеттери тууралуу маалымат берди.

1813730
Россия Украинанын жоготуулары тууралуу билдирди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Харьков облусунда Украина армиясынын эки Миг-29 аскердик учагын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Игорь Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуш аракеттери тууралуу маалымат берди.

Конашенков Украинадагы буталарга каршы жогорку тактыктагы куралдардын колдонулганы тууралуу билдирип : «Бир күндүн ичинде, Барвенково жана Доброполие конуштарындагы күйүүчү май жана ок-дары кампалары абадагы жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылынды»,- деди.

Орус аба күчтөрүнүн Украинанын 44 аскердик объектисин жок кылганын белгилеген Конашенков булардын арасында командирлик борборлор, С-300 абадан коргонуу ракета системасынын бута белгилөөчүсү, ракета жана артиллериялык арсеналдар, аскердик бөлүктөр жана аскердик техникалык унаалар чогулган аймактардын ​​бар экенин айтты.

Украинада ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 113 жерди аткылагандыгын белгилеген Конашенков : «Орус абадан коргоо системалары Харьков аймагында Федоровка жана Заводы конуштарына жакын абада Украианын эки Миг  - 29  учагын, Павлоград аймагында Преображенское конушуна жакын бир жерде учкучсуз учуучу аппаратын атты»,- деди.

Конашенков ошондой эле Украина армиясына таандык 136 учак, 471 учкучсуз учуучу аппарат, 249 абадан коргонуу ракета системасы, 2308 танк жана брондолгон унаа, 254 көп стволдуу ракета аткычтар, 998 гаубица жана минометтор менен 2171 атайын аскердик унаанын жок кылынганын айтты.

Россиянын Коргоо министрлиги  согушта  Украина армиясына таандык  экендиги айтылган жоготуулар  тизмесин да  жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Украина армиясынын Россия менен болгон согушта 23 миң 367 кишилик жоготуу болгондугу билдирилди.

Украинанын куралдуу күчтөрү, Украинанын Улуттук гвардиясы жана чет элдик жалданма аскерлердин да орун алганы белгиленген билдирүүдө көптөгөн украин аскерлеринин армиядан качканы айтылды.

Министрликтин билдирүүсүндө, Украина армиясынын Орусия менен болгон согушта 23 миң 367 кишилик жоготуу болгондугу билдирилди.

Бул сандын Украинанын куралдуу күчтөрү, Украинанын Улуттук гвардиясы жана чет элдик жалданма аскерлерди да  камтыгандыгы  белгиленген  билдирүүдө көптөгөн украин аскерлеринин армиядан качканы айтылды.

Мындан тышкары, министрлик Украинанын 3057 - аскердик бөлүгүнө жана бул бөлүккө караштуу Азов батальонуна таандык  экендиги айтылган курмандыктардын тизмесин жарыялады.

Украина тарабынан алынгандыгы айтылган тизме согушта каза болгон жана жарадар болгон аскерлер тууралуу малыматтарды камтууда. 

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн аптада согушта 2500дөн 3000ге чейин украин аскеринин набыт болгонун, 10 миңдей аскердин жарадар болгонун жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар