Филиппиндерде жүк кемесинде өрт чыкты
Өрттө 1 киши каза болуп, 3 киши жаракат алды.
1814001
Филиппинде жүк кемесинде өрт чыгып 1 киши каза болуп, 3 киши жаракат алды.
Жекшемби күнү эртең менен Филиппиндин борбору Маниладан жолго чыгып Талисай шаарынын жээгине келген жүк ташуучу кемеден кырсык сигналы жиберилди. Чыккан өрткө беш кеме кийлигишип, экипаждан 16 киши куткарылды. 1 киши каза болгондугу, жаракат алган 3 кызматкердин ооруканага жаткырылгандыгы билдирилди. Өрттүн чыгуу себеби иликтенүүдө.